Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Токаев телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 6 Дек 2022 | 217 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана боордош кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалаган.

Ошондой эле, сүйлөшүүдө 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM