Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Садыр Жапаров 54 жашка толду

Кыска кабар | 6 Дек 2022 | 468 | 0

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал бүгүн 54 жашка толду.

Садыр Жапаров 1968-жылы Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган. Эки жогорку билими бар. 1987-1989-жылдары Аскер кызматын өтөгөн.

2021-жылдын 28-январында Садыр Жапаров Кудайдын жана элдин алдында ак иштей турганын айтып, ант берип, президенттик кызматка расмий киришкен.

Ал 2021-жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоодо 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган.

Кызматка киришүү салтанатында Садыр Жапаров «отуз жылдан бери жүргүзүлүп келаткан сясат өлкөнү экономикалык каатчылыкка кептеди» деп өзүнө чейинки бийлик башчыларын айыптап, 2020-жылдын 5-6-октябрында көтөрүлүшкө чыккан элдин үмүтүн уурдатпоого убада берген. Аны менен катар кыргызстандыктардын ошол күндөрдөгү койгон талабын жүзөгө ашыруу президенттик кызматындагы негизги багыты болорун белгилеген. Андан тышкары экономикалык ири долбоорлорду ишке ашырып, тышкы миграцияны азайтарын айткан.

Садыр Жапаровдун эмгек жолу:

1991-1994 — «Солтонкул» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

1994-1996 — «Кергей» нефти компаниясынын директору;

1996-1997 — Ысык-Көл облустук ИИМдин атайын ротадагы инспектору;

1997-2001 — Мунай зат ташыган «Гузель» компаниясынын башкы директору;

2001-2005 — Балыкчы шаарындагы «Нурнефтегаз» мунай компаниясынын башкы директору;

2005-2007 — Жогорку кеңештин депутаты, «Келечек» фракциясынын жетекчиси;

2006 — Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү;

2007 — Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары;

2008-2010 — Жемкордукту алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары;

2010-2013 — Жогорку кеңештин депутатты, сотттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин жетекчиси.

2017-жылы 25-мартта Садыр Жапаров кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Экс-депутат 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Жапаровдун жактоочулары чечимди өзгөртүү үчүн Аламүдүн райондук сотуна кайрылышкан. Бирок өкүм өзгөрүүсүз калган.

2017-жылы сентябрда саясатчынын атасы Нуркожо Мустали уулу каза болуп, Садыр Жапаров топурак сала албай калган. 2019-жылы мартта апасы Кадича Жапарова көз жумса, август айында уулу Дастан жол кырсыгына кабылып мерт болгон. Апасы менен уулуна топурак салууга уруксат берилген.

2020-жылы 6-октябрда митингге чыккан эл тарабынан абактан бошотулуп, премьер-министрликке көрсөтүлгөн.

2020-жылы 14-октярбда Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп бекиди;

2020-жылы 15-октябрда Кыргызстан Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу болду;

Декабрь айында кызматын ЖК төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп берип, январда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер катары аттанган;

2021-жылы 10-январда алдын ала эсептөө боюнча Кыргызстандын президенти болуп шайланды;

2021-жылы 28-январда инаугурация аземи өтүп, президенттик кызматка расмий киришти.

Copyright © 2017 Maral FM