Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев 10-декабрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Кыска кабар | 5 Дек 2022 | 323 | 0

10-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары болот. Бул тууралуу Президенттик Админстрациядан билдиришти.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда. Эки өлкөнүн лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, бир туугандык жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат.

Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM