Connect with us

Пандемия жана Баткен каргашасы — Кыргызстандагы ыктыярчылар институтун бекемдеди

Коом | 5 Дек 2022 | 676 | 0

Бүгүн, 5-декабрда ыктыярчылардын эл аралык күнү белгиленүүдө. 1985-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы жыл сайын 5-декабрда экономикалык жана социалдык өнүгүү үчүн ыктыярчылардын эл аралык күнүн белгилөөнү сунуштаган.

Ыктыярчылар — бардык тармактарда бош убактыларын коомдун пайдасы үчүн өткөргөн адамдар. Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк декларацияда алар эч кандай айлык акы, сыйлык күтпөстөн өз талантын, энергиясын тартуулоого укуктуу деп жазылган.

Кыргызстандагы ыктыярчылардын жардамы өлкө башына оор иш түшкөн учурда, айрыкча коронавирус пандемиясы, Октябрь окуялары, чек ара окуяларында олуттуу сезилген. 

Кыргызстанда жана дүйнөдө элдин жашоосун жакшыртууга ыктыярчылар чоң салым кошуп келет. Алсак, оорулуу баланын дарылануусуна, жалгыз бой карыянын тамак-ашына, көп балалуу үй-бүлөлөргө, үй тургузуп берүүдө болобу, ыктыярчылар дайыма жардамга келишет.

Ошондой эле ыктыярчылардын көмөгү эки жыл мурун пандемия күч алган учурда билинген, алар өз каалоосу менен «кызыл зоналарда» иштеп, оорулууларга азык-түлүк, дары-дармек ташыганы ар бир жарандын эсинде калган. Пандемия учурунда ыктыярчылар бири-бирине жардамдашуунун кубаттуу күчүн көрсөтө алышкан.

Мындан сырткары, 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык, бийлик алмашуу учурунда жүздөгөн ыктыярчы өкмөттүк имараттарды талап-тоноодон коргоп, өлкөдө баш-аламандыктын күчөп кетүүсүнүн алдын алып турушкан. Ошол эле учурда аларды башка бир ыктыярчылар ысык чай, тамак-аш менен камсыздашкан.

Азамат Абдуллаев Баткен окуясында жергиликтүү тургундарга жана аскерлерге жардам берип жүргөндөрдүн бири. Ал ыктыярчылык бардык жарандардын колунан келерин белгилейт.

Ошол эле учурда өзгөчө кырдаал учурунда жардам берип, кайрымдуулук кылуу оңой иш эместигин айтат.

“Кырдаалга жараша кыйынчылыктар жаралат. Бирок эгер сен ошол жерден болсоң, мисалы мен өзүм Баткен облусунан, Самаркандек айылынын болом, мага оор деле болгон жок. Ал эми башка аймактардан жардам бергени келгендер үчүн кыйын эле болуп жатканын байкадым”.

Ыктыярчы — өз эрки менен жардам бере турган адам. Ал кылган иши үчүн матералдык сыйлык же акча албайт. Ошону менен бирге ыктыярчы — социалдык жактан муктаж болгондорго, мамлекеттик иш-чараларда, эл аралык уюмдарда жана башка өнүгүү үчүн болгон иш чараларда жардамчы катары катышат.

Булардын катарында ыктыярчылык менен жаңыдан алектене баштаган Бермет Рахимбекова да бар. Анын пикиринде, бул тармакта иштеген адам биринчи кезекте өзүнүн руханий жан дүйнөсүн өнүктүрөт, андан кийин башкаларга пайдасы тиет.

“Ыктыярчы – өзүнүн жашоосуна жана барган жерин, же жардам бере турган адамдын жашоосун өзгөртүүгө салым кошкон адам. Бул нерсе биринчи кезекте баа жеткис тажрыйба, экинчиден болсо ырахат жана жакшы эмоцияларды тартуулайт”.

Ыктыярчылык биринчи ирет жакшы чөйрө камсыздап бере алат жана кийин тилектеш, сапарлаш досторду табууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мындай пикирди төрт жылдан ашык убакыттан бери ыктыярчылар менен иштешип келе жаткан Сыймык Саипов белгиледи.

Ал Баткенде болгон акыркы окуядан кийин ыктыярчыларга кызыгуу, суроо талап көбөйгөнүн айтты.

“Ыктыярчылар бир гана максатты көздөшөт – жараткандын ыраазычылыгын. Элибизде жакшы сөз бар: “Алтын албай бата ал. Бата алтын эмеспи?”, — деген. Ыктыярчылар көбүнчө “жараткандын ыраазычылыгын табайын, бата алайын” деп келишет.

Мисалы, сентябрь айындагы Баткендеги каргашалуу окуяда 7 жаштагы баладан 70 жаштагы аксакалга чейин ыктыярчылык кылышты. Спорт ордосуна барып колунда эмне бар, күчү бары күчү менен жардам берип, акчасы барлар материалдык жардам берип, ошол көрүнүштөрдөн кийин ыктыярчылык кылгандар көбөйдү. Бүгүнкү күндө ыктыярчылардын коомчулуктун катмарында кеңири жайылып жаткан убагы”.

10 жылдан ашык убакыттан бери ыктыярчылык менен алектенип келе жаткан Нуржигит Асанов бир нече кайрымдуулук фонддордо эмгектенип, жарандарга жардам колун сунуп келет. Ал жан дүйнөсүнүн бир бөлүгү коомго тиешелүү экенин белгиледи.

Ыктыярчы биринчи кезекте жоопкерчиликке ээ болушу керектигин белгилеп, бул иште кандай кыйынчылыктар кездешерин айтып берди.

“Ыктыярчылыкка кызыккандар көп. Жаш балдар, кыздар келишет, жардам берүүнү каалашат, бирок кантип, кандай жардам бергенди билбей калышат. Ошол учурда чаржайыт болуп, түшүнүксүз болуп калат.

Ыктыярчылык – бул өтө чоң жоопкерчилик. Бул үчүн тажрыйба керек. Себеби ар түрдүү кризистик, психологиялык оор учурлар, шарттар болуп калышы мүмкүн. Ошондой кырдаалдан эч кимге зыянын тийгизбей тургандай болуп чыгып кетүүнүн жолдорун табышы керек.

Мисалы: колунда мүмкүнчүлүгү жок адам болсо, эгер ыктыярчы түздөн түз алар менен иштешсе, анын психологиялык жактан маалыматтары, түшүнүгү болуш керек”.

Асанов кошумчалагандай ыктыярчылыкка биринчи кезекте психологиялык жактан даяр болуу зарыл. Себеби бул иште “пайда берем деп, зыяныңды тийгизип алба” деген принцип бар. Ошого байланыштуу оор кырдаалга кабылган адамдар менен иштешип, аларга жардам берүүгө туура келген учурда зыяның тийбегендей, туура кеңеш жана жардам берүү маанилүү.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM