Орусиянын президенти Владимир Путин Евразиялык экономикалык биримдиктин жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келет.
Бул тууралуу РИА новости маалымат агенттиги жазды.
Ноябрда орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммитине катышарын ырастаган.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги жыйыны 9-декабрда Бишкекте өтөт. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.
ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө.