Марал Радиосу

Орусия президенти Путин Кыргызстанга келет

Орусиянын президенти Владимир Путин Евразиялык экономикалык биримдиктин жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келет.

Бул тууралуу РИА новости маалымат агенттиги жазды.

Ноябрда орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммитине катышарын ырастаган.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги жыйыны 9-декабрда Бишкекте өтөт. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.

ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө.

Exit mobile version