Биз менен байланышыңыз

Быйыл чакан ишкерлерге 1 млрд 372 млн сомдук пайызсыз насыя берилди

Кыска кабар | 2 Дек 2022 | 308 | 1

Жыл башынан бери коммерциялык банктарга 1 млрд 372 млн сомдук пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Руслан Татиков парламенттеги «Ишеним» фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай насыялар ишкерлерди колдоо максатында пайызсыз, 3 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.

«Анын ичинен 1 млрд 127 млн сому өздөштүрүлдү. Ноябрь айында 245 млн сом бөлүп бердик. Мурда чакан бизнес ээлери 250 миң сом өлчөмүндө пайызсыз насыя алса, орто бизнес 1 млн сомго чейин алып келген. Биз Дүйнөлүк банк менен бир нече жолу жолугушуп, аны көтөрдүк. Азыр чакан бизнес 1 млн сомго чейин насыя ала алат. Ал эми орто бизнес 3 млн сомго чейин ала алат. Бул жаңы шарттар боюнча 3 жылга берилип, баштапкы 3 ай жеңилдетилген мезгил», — деди ал.

1 пикир

1 пикир

  1. Замира

    02.12.2022 15:41

    Саламатсызбы!Бул акчаларды ким алды экен?Чакан бизнес куралы деп,такыр эле ала албай койдук.Кайсы банкка кайрылсак болот экен?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM