Жыл башынан бери коммерциялык банктарга 1 млрд 372 млн сомдук пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Руслан Татиков парламенттеги «Ишеним» фракциясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындай насыялар ишкерлерди колдоо максатында пайызсыз, 3 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.
«Анын ичинен 1 млрд 127 млн сому өздөштүрүлдү. Ноябрь айында 245 млн сом бөлүп бердик. Мурда чакан бизнес ээлери 250 миң сом өлчөмүндө пайызсыз насыя алса, орто бизнес 1 млн сомго чейин алып келген. Биз Дүйнөлүк банк менен бир нече жолу жолугушуп, аны көтөрдүк. Азыр чакан бизнес 1 млн сомго чейин насыя ала алат. Ал эми орто бизнес 3 млн сомго чейин ала алат. Бул жаңы шарттар боюнча 3 жылга берилип, баштапкы 3 ай жеңилдетилген мезгил», — деди ал.
1 пикир