Биз менен байланышыңыз

Мигранттардын 17%ы акчасын бизнеске, 10%га жетпегени билимге жумшайт

Коом | 1 Дек 2022 | 519 | 0

Бүгүнкү күндө миграцияда 1 млн 118 миң Кыргызстандын жараны бар. Алардын 1 млн 63 миңи Орусиянын аймагында эмгектенет.

Мигранттардын агымы акыркы жылдары күч алууда. Анын негизги себептери өлкөдөгү жумушсуздук жана айлык акынын аздыгы болууда.

Чет жактан жарандар көбүрөөк каражат таап, мекениндеги материалдык жашоосун жакшыртканга аракеттенишет. Тактап айтканда тапкан акчасын үй-жай же башка кыймылсыз мүлк алып, балдарын окутуп, карыздарын төлөөгө жумшашат.

Адистердин айтымында муну менен мигранттар тапкан акчасын туура эмес пайдаланышат жана дээрлик бардыгында фиансылык сабаттуулук жөнүндө маалыматы жок.

Мындан улам жаш эмгек мигранттары үчүн чет өлкөдө жакшы жумуштарда иштөөгө багытталган, финансылык сабаттуулук жана санарип көндүмдөрүн үйрөтө турган платформа иштелип чыкмай болду. 

Кыргызстандын сыртында эмгектенип жүргөн жарандар тапкан акчасын канчалык эффективдүү пайдаланып жатат? Ушул суроонун айланасында атайын сурамжылоо жүргүзүлдү. Ага ылайык чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттары тапкан акчасын кыргыз менталитетине байланыштуу жумшай турганы аныкталды. Тагыраагы, той-топур, үй салуу, жер, мал-мүлк сатып алуу жана карыздарды төлөп берүүгө коротушат. Бул тууралуу долбоордун координатору Нуркыз Суеркулова билдирди.

Ал мигранттар каражатты пайдалуу жана келечекте киреше алып келе турчу жумуштарга дээрлик жумшабай турганын эске салды.

Мигранттардын 17%ы гана акчасын бизнеске жумшайт, 10%га жетпеген адам билимге жумшайт, себеби балдары кичинекей, алардын окуусуна жумшалары аныкталды.

“Чет жактагы мекендештердин көпчүлүгү той-ашка, карыздарга кетирет акчасын. Ал эми чакан бир бизнеске акча салууну ойлонуштпайт экен, же бизнес ачкан күнү дагы аны туура иштетип, киреше булагына айлындыра алышпайт экен. Себеби кантип туура алып кетүү керек? Каражатты кантип сарптоо зарыл? деген нерселерди билишпейт экен.

Биз сурамжылоо жүргүзүп жатканда: “Сиз каражатты кантип топтойсуз? Кармайсыз?”, — деген суроо бар болчу. Дээрлик баары акчаны бирөөдөн жөнөтүп ийшет экен, ал эми банктык карта тууралуу кеңири түшүнүгү жок. Карталарга да ишеними жок экени аныкталды”.

Кыргызстан калкынын тышкы миграцияга чыгуу процесси бир четинен өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылуучу, экинчи жагынан республиканын социалдык, маданий жана билим берүү чөйрөсү үчүн кыйынчылыктарды жаратуучу эң маанилүү процесстердин бири болуп саналат.

Экономика илимдеринин кандидаты Мээрим Абыкеева мигранттардын финансылык жактан сабаттуу болушу өзгөчө маанилүү деп эсептейт. Себеби кеңсе кызматкерлеринен айырмаланып, мигрант бирдей социалдык коргоого ээ эмес жана каржылык саламаттыгына биринчи кезекте өзү тынчсызданышы керек.

Адис каржылык көз карандысыздыкка жетүү үчүн беш негизги эрежени атады:

“ 1) Дайыма тапканыңыздан азыраак сарптаңыз;

2) Кымбаттап жаткан нерсени сатып алууга аракет кылыңыз;

3) Арзандап жаткан нерсени сатып албоого аракет кылыңыз;

4) Биринчи кезекте негизги муктаждыктарды канааттандырыңыз;

5) Буюмдун баасын гана эмес, аны колдонууда кеткен чыгымдарды да эске алыңыз.

Ар дайым эстен чыгарбоо керек биринчи кезекте турак-жай маселесин чечүү зарыл. Келечекте кымбаттай турган турак жай сатып алуу керек. Негизги маселелер чечилгенде, бул — турак жай, жакшы билим, ден-соолук, ошондо гана кымбат унаа сатып алууга же саякаттоого акча коротууга болот”.

Мындан ары мигранттар иштеген жерине жана режимине карабай өз квалификация жана көндүмдөрүн өнүктүрүүсү жана консультация алып туруусу үчүн санарип окуу модулдары иштелип чыгат. Алардын ыңгайлуулуктары үчүн интерактивдик тиркемелер жана жасалма интеллектинин элементтерин колдонуу менен виртуалдуу менторинг, башкача айтканда насаатчылык системалары да болот.

Бүгүн, 1-декабрда “Жаш эмгек мигранттарын өнүктүрүүнүн вектору: санариптик көндүмдөр жана финансылык сабаттуулук” аттуу эл аралык конференциянын жүрүшүндө белгилүү болду.

Жаңы долбоор үч пилоттук аймак – Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынан чыккан жаш мигранттардын эң аялуу топторунун арасында санариптик жана финансылык сабаттуулукту, ишкердүүлүктү, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталат.

Бул Кыргызстандын улуттук өнүгүү стратегиясына жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүсүнө өбөлгө түзөрүн Билим берүү министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлнура Мамырова билдирди.

“Тажрыйба алмашуу үчүн биздин кесиптик колледждердин жетекчилер Болгарияга барып келишкен. Ал жакта финансылык сабаттуулук, санарип көндүмдөр боюнча кандай курстар өтөрү, анын натыйжалары, пайдалары тууралуу маалымат алып келишкен. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн Болгарияга барып жумушка орношуусу, бул жактан алган дипломдору Болгарияда кандай кабыл алынары туурасында тажрыйба алмашып келишкен”.

Долбоордун максаттуу топтору бул — квалификациясы төмөн жаш эмгек мигранттары; формалдуу билим алууга жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар жана жаш аялдар, тышкы миграция процессинин катышуучулары катары жаш мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү; жаш эмгек мигранттарын колдоо багытында иш алып барган мамлекеттик органдар болуп саналат.

Жогоруда аталган жарандарга видео жана аудиосабактар онлайн жана офлайн түрүндө уюштурулат. Анда жөнөкөй тилде түшүндүрүлгөн, финансылык жана санарип сабаттуулукка үйрөтө турган эрежелер жана кеңештер камтылат.

«E-Quality: социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү» долбоору Европа Биримдиги тарабынан каржыланат. Иштөө мөөнөтү 30 айды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM