Биз менен байланышыңыз

Айжигитов: Чек ара жана суулар боюнча илимий изилдөөлөр жасалышы керек (видео)

Кыска кабар | 1 Дек 2022 | 565 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламенттин бүгүнкү жыйынында кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселе көтөрдү.

Анын айтымында, учурда тажик тарап «Кыргызстан биздин көп жерлерди басып алды» деген бурмаланган маалыматтарды таркатып жатат. Себеби алар акыркы 10 жылдан бери чек арага байланыштуу илимий иштерди жасап, даярдык көрүп жатышат. Алар илимий иштеринде фактыларды бурмалап, өздөрүнүн кызыкчылыгына негиздеп жазып жатышат.

«Ошондуктан биздин жер боюнча комиссиялар барганда татыктуу жооп бере албай жатат. Себеби бизде чек аранын тарыхы боюнча бир дагы илимий ишибиз жок. Бир дагы китебибиз жок. Ошондуктан өкмөткө жана Илимдер академиясына чек ара боюнча илимий изилдөөлөрдү жасоо боюнча протоколдук тапшырма беришибиз керек. Кыска убакта илимий топ түзүп, анын негизинде илимий иштерди, китептерди жазышыбыз керек. Бул иштерди жасабасак, чек араны аныктап, такташып бүткөндөн кийин деле, кийин бары бир доомат кыла беришет. Себеби элдин саны өсүп, жер тарып жатат» , — деди Айжигитов.

Ошондой эле ал коңшулар сууларга дагы доомат кылып келгендигин белгилеп, суулар боюнча дагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, маалыматтарды  китеп кылып жазыш керектигин белгиледи.

Депутаттын айтымында, кийинки муундар, тарыхты билбей, маалыматка ээ болбой калса, коңшулардын дооматтарына жооп бере албай калышы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM