Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын үч мүчөсү парламентте мыйзамсыз иштеген

Кыска кабар | 1 Дек 2022 | 501 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңеште мыйзамсыз, жасалма документтерди колдонуу менен иштөө фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңешине кызматка орношуу үчүн жасалма эмгек китепчелерин пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын үч мүчөсүнүн документтерди жасалмалоо фактылары тастыкталган.

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидеринин кеңешчиси 1993-жылы туулган Кулмурзаева Айпери Сүйүнтбековна, фракциянын катчылыгынын эксперти 1994-жылы туулган Алибаева Айгерим Абдижалиловна жана Адахан Мадумаровдун жардамчысы 1993-жылы туулган Муратбек уулу Азаматка карата жогорудагы кызматтарга орношуу үчүн эмгек китепчелеринде жалган маалыматтарды көрсөткөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш ишин козголуп, тергөө амалдарын жүргүзгөн.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактылары тастыкталып, жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар 379-берененин 2-бөлүмү (Атайылап жасалма документти колдонуу) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган.

Алибаева менен Муратбек уулу жасалма документтерди мойнуна алып, өз каалоолору менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазышкан.

Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Кулмурзаева ээлеген кызматынан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM