Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан үн жаздыруучу аппараттар табылган жок

Кыска кабар | 1 Дек 2022 | 371 | 0

Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан үн жаздыруучу жана видео жаздыруучу аппараттар табылган жок. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев партиялашы Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан үн жаздыруучу жана видео жаздыруучу аппараттар табылгандыгын билдирген. Анын билдирүүсүнөн кийин УКМК текшерүү жүргүзгөн.

«Жанар Акаев жеке өзү сөз болуп жаткан техниканы көргөн эмес. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы Эрлан Кадыровдон укканын айткан. Өз кезегинде депутат Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы Эрлан Кадыров бул маалыматты телефон аркылуу Жамгырчиевден алган. Учурда депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошону менен бирге УКМК аудио-видео жазуу жабдууларынын табылышы боюнча, бул атайын жабдууларды орнотуунун себебин жана ким тарабынан коюлганын аныктоо үчүн, ошондой эле Жамгырчиевдин таламдарын коргоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM