Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Японияда JICAнын президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 30 Ноя 2022 | 167 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапарынын алкагында Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Акихико Танака менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы ишине жогору баа берерин белгиледи.

«Кыргызстанда JICA өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшү үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенет. Конкреттүү түрдө ийгиликтүү мисал катары транспорттук жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлорун белгилеп кетким келет. Мындан 11 жыл мурда башталган «Бир айыл – бир продукт» долбооруна тийиштүү билдирсек, келечекте аймактарды өнүктүрүү максатында аны улуттук деңгээлге чыгаруу менен өлкөнүн бардык аймагында ишке ашыруу чечими кабыл алынды. Биздин региондор үчүн бул маанилүү жана зарыл өнүгүү куралы. Мындай жагдайларды эске алуу менен, биз аны мындан ары илгерилетүүдө япон тараптын жардамына үмүттөнөбүз», — деди ал.

Пикир алышууда жолугушуунун катышуучулары өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар жол инфраструктурасын реабилитациялоо, медициналык мекемелерди модернизациялоого көмөктөшүү, Адамды өнүктүрүү боюнча кыргыз-япон борборунун ишмердүүлүгүнүн жана JDS программасынын (кадрларды даярдоо боюнча стипендиялык программа) алкагында адамдык потенциалды өнүктүрүү жаатында кызматташуу сыяктуу багыттарга токтолушту.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Японияга болгон сапарында япониялык JICA уюму менен Ноокат жолу боюнча сүйлөшүп келүү талабын койгон эле.

Коргонбай уулу Жапаровго: Японияга жөн эле саякаттабай, бир иш бүтүрө келсин

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM