Биз менен байланышыңыз

Коргонбай уулу Жапаровго: Японияга жөн эле саякаттабай, бир иш бүтүрө келсин

Кыска кабар | 30 Ноя 2022 | 194 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Японияга болгон сапарында япониялык JICA уюму менен Ноокат жолу боюнча сүйлөшүп келүү талабын койду.

Анын айтымында, Ош-Баткен-Исфана жолунун Ноокат районундагы тилкесин (28-75-чакырымын) оңдоп-түзөө иштери баштала элек.

«Акылбек Жапаров ушул тапта Японияда расмий сапар менен экен. Мына ошол сапардын алкагында JICA уюму менен Ноокат жолунун тендерин чече келсин. Жөн эле саякаттап барып келбесин. Жок дегенде бир жумушту бүтүрө келсинчи» , — деди эл өкүлү .

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн (28-75-чакырымын) асфальттоого жумшала турган каражатты 2016-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Транспорт жана жол министрлиги тендер өткөрүп, жалпы суммасы 133, 58 миллион доллар турган долбоорду япониялык JICA уюму утуп, макулдашууга жетишкен.

Алына турган кредиттин суммасы болжол менен 116,47 млн долларды түзөт, мындан тышкары мамлекеттик бюджеттен болжол менен 16,88 млн доллар бөлүнөт.

2019-жылы баштала турган иштин 2021-жылга жылып кеткенин Транспорт жана жол министрлиги пандемияга шылтап келген.

Бүгүнкү күнгө чейин жолдун курулушу качан баштала турганы белгисиз бойдон калууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM