Биз менен байланышыңыз

Изилдөө: Бишкекте абанын булганышынан улам бир жылда 100дөн ашык киши каза болду

Коом | 30 Ноя 2022 | 966 | 0

Бүгүн, 30-ноябрда ЮНИСЕФ эл аралык уюму бир нече министрликтердин өкүлдөрү менен биргеликте “Абанын булганышынын балдар менен аялдар үчүн медициналык жана социалдык кесепеттери” деп аталган изилдөөнүн жыйынтыгын тааныштырды.

Изилдөөнүн жүрүшүндө абанын булганышынын борбор калаанын тургундарына, өзгөчө аялдар менен балдар үчүн кесепеттери чоң экени айтылды. Адистер аны заманбап ыкмалар менен баалап, алдын алуу чаралары боюнча сунуштарды иштеп чыккан.  

Кара түтүн балдар менен аялдарда кандай ооруну козгойт? 

Анализ көрсөткөндөй, жашоого жана саламаттыкка жагымдуу абага болгон укук Бишкектин тургундары үчүн реалдуулуктан бир топ алыс.

Кыргызстанда абанын булганышы эрте өлүм жана ден соолуктун начарлоо тобокелдигинин эң чоң фактору болуп саналат.

Саламаттыктын начарлашы өзгөчө улгайган адамдарда жана жаш балдарда байкалат.

Бир жыл ичинде, тактап айтканда 2021-жылы 1-июлунан 2022-жылдын 30-июнуна чейинки аралыкта кир абанын ден соолукка тийгизген таасиринен улам 112 өлүм катталган. Бул тууралуу Калифорниядагы Стэнфорд университетинин профессору, изилдөөчү Эдвардс Руфус билдирди.

Ал Бишкектеги абанын булганышына кайсы фактор себеп болгонун ачыктады.

“Изилдөө учурунда абанын булганышы – конуштардагы турак үйлөрдү көмүр менен жылытуудан улам келип чыгып жатат деген тыянакка келдик. Бул көйгөйдү чечүү үчүн бир нече ыкмаларды колдонсок болот. Мисалы: турак үйлөрдүн жылытуу системасын өзгөртүү зарыл, энергияны үнөмдөөчү ыкмаларды пайдалануу керек. Борбордук жылытууга кошулуп, үйдү газ менен жылытуу ыкмасы дагы абанын булганышы менен күрөшүү үчүн туура тандоо болуп эсептелет”.

Абанын булганышы сырттагы эле көйгөй эмес, кир аба үйлөргө, кеңселерге, адамдар убактысын өткөргөн башка бардык имараттарга кирет.

Бишкектеги калк орто эсеп менен убактысынын 90 пайызын имараттардын ичинде өткөрөт, айрыкча кышкысын от жагылган үчүн алар кир абанын терс таасирине көбүрөөк кабылат. Имараттардын ичине кирген кир аба райондордун масштабында көмүр мештерин колдонуудан көз каранды.

Жылуулук үчүн чийки көмүр колдонулган үйлөрдө жашаган балдар менен өспүрүмдөр борбордук жылуулукка туташкан райондордо жашаган балдарга караганда жыл ичинде орто эсепте 33%га, ал эми кышкысын көмүрдүн жагылышынан улам 37%га көбүрөөк зыян тартат.

Бирок көп батирлүү үйлөрдө жашаган балдар мурдагыдай эле шаар деңгээлиндеги абадагы концентрациялардын таасирине кабылып келет, зыяндуу бөлүкчөлөр имараттарга да кирет. Ошентип, абадагы зыяндуу заттарды азайтуу чаралары Бишкектеги бардык балдар үчүн пайдалуу болору талашсыз.

Ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин адиси Мария Кошубакова абанын булганышы жарандардын кайсы ооруларын козгой турганын айтып берди.

“Абанын булганышы — биринчи кезекте өпкө ооруларына алып келет, жаш балдардын арасында аллергия менен жабыркагандар көбөйүүдө, ушуга да абанын сапаты себеп болушу мүмкүн. Мындан сырткары, жүрөк, онкологиялык ооруларга жана кант диабетине алып келет.

Кара түтүн жана абанын булганышы ар бир адамдын мээсин да жабыркатат. Ошондой эле кош бойлуу аялдар мөөнөтүнөн мурда төрөп салууга, ымыркайдын чарчап калуусуна же аз салмак менен төрөлүшүнө да алып келет.”

2018-жылдан тарта жылуулук үчүн негизги отун катары газды колдонуу 12 пайызга өскөн, ал эми мештерде чийки көмүрдү колдонуу 14 пайызга кыскарган. Бул туура багытта жылыштар бар экенин тастыктайт, бирок жасала турчу иштер дагы эле бир топ.

Мындай маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Экологиялык кеңештин катчысы Адиль Назаров айтты.

2020-жылы Бишкек шаарында абанын булганышынын көрсөткүчүн аныктай турган 52 датчик орнотулган. Ага чейин абанын булганышынын себеби анык болгон эмес. ЖЭБнан жана унаалардын көптүгүнөн деп айтылып келсе, датчиктерди орноткондон кийин үйлөрдү чийки көмүр менен жагуудан улам болуп жатканы так аныкталган.

Назаров азыркы тапта абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

“Биз Германиядан атайын адистерди чакырдык. Бул маселени практика жүзүндө да чечсе болот. Азыркы тапта Экология министрлиги менен биргеликте биз “дефлектор” менен сыноо жүргүздүк. Бул аппарат эки-үч эсе абанын булганышын азайтат экен жана баасы да арзан турат. Аны ар бир мешке койсо болот жана аба ал жерде жогору температура менен ысып, ичиндеги күйбөгөн заттардын баары күйүп аба булганбай, кирленбей калат”.

Адистер ар бир жаранды абанын булганышынан сактанууга үндөп бир нече сунуштарын беришти:

  • Абанын булганышы жогору болгондо, үйдө калуу керек;
  • Эгер үйдөн чыгууга туура келсе, фильтри бар маска кийүү шарт;
  • Мүмкүн болушунча үйгө терезе жана аба фильтрлерин орнотуу зарыл;
  • С, Е жана Омега-3 витамини көп болгон тамак-аштарды жана суусундуктарды колдонуу сунушталат.

Бишкектеги абанын PM2,5 булганышынын болжолдуу зыяны 2021-2022-жылдарда 2 миллиард сомду же 24,9 млн долларды түздү.

2021-жылы PM2,5 аба булгануусунун таасирине байланышкан оорулардын 22 пайызы балдарга туура келди.

Кош бойлууларга жана ымыркай төрөлгөндөн бир жашка чейинки аралыкта кир абанын таасирин азайтууга биринчи кезекте көңүл буруу зарыл экени сунушталды.

Copyright © 2017 Maral FM