Биз менен байланышыңыз

«Манас» күнүнө карата өтө турган иш-чаралардын программасы

Кыска кабар | 30 Ноя 2022 | 318 | 0

Бишкекте 4-декабрь – Манас күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтөт. “Манас” театры жана министрликтин колдоосу менен манасчы Токтогул Калманбет уулунун 170, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун 150, манасчы Көкчеке — Мамбетаалы Ашымбай уулунун 125, манасчы Турдумамбет Акматалиевдин 100, эмгек сиңирген артист, семетейчи Сейдене Молдокееванын 100, Кыргыз эл артисти, манасчы Шаабай Азизовдун 95 жылдыгына карата иш-чаралар уюштурулат.

Программа:

— 2-декабрда саат 14:00дө эмгек сиңирген артист Рысбай Исаковдун дүйнөлүк Гиннестин рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу күбөлүгүн Улуттук тарых музейинде расмий тапшыруу аземи өтөт;

— 3-декабрда саат 14:00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада манасчы Салимбай Турсунбаевдин “Чоң казат” жана замандаштарынын эскермелери менен манасчынын соңку жылдарда жазган ырлары камтылган “Санаты сансыз — Салимбай” аттуу китептеринин бет ачары өтөт;

— 4-декабрь күнү саат 15:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында “Айкөлдүн аманаты” спектаклинин премьерасы коюлат.

Ошондой эле “Манас күнүнө” карата сүрөт көргөзмө, тегерек стол жана башка иш-чаралар республикалык, облустук жана райондук музейлерде, китепканаларда жыл аягына чейин өткөрүлөт.

Мындан тышкары, “Манас күнүнө” арналган тематикалык фильмдер республиканын бардык театрларында жыл аягына чейин көрсөтүү милдеттендирилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM