Бишкекте 4-декабрь – Манас күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтөт. “Манас” театры жана министрликтин колдоосу менен манасчы Токтогул Калманбет уулунун 170, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун 150, манасчы Көкчеке — Мамбетаалы Ашымбай уулунун 125, манасчы Турдумамбет Акматалиевдин 100, эмгек сиңирген артист, семетейчи Сейдене Молдокееванын 100, Кыргыз эл артисти, манасчы Шаабай Азизовдун 95 жылдыгына карата иш-чаралар уюштурулат.
Программа:
— 2-декабрда саат 14:00дө эмгек сиңирген артист Рысбай Исаковдун дүйнөлүк Гиннестин рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу күбөлүгүн Улуттук тарых музейинде расмий тапшыруу аземи өтөт;
— 3-декабрда саат 14:00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада манасчы Салимбай Турсунбаевдин “Чоң казат” жана замандаштарынын эскермелери менен манасчынын соңку жылдарда жазган ырлары камтылган “Санаты сансыз — Салимбай” аттуу китептеринин бет ачары өтөт;
— 4-декабрь күнү саат 15:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында “Айкөлдүн аманаты” спектаклинин премьерасы коюлат.
Ошондой эле “Манас күнүнө” карата сүрөт көргөзмө, тегерек стол жана башка иш-чаралар республикалык, облустук жана райондук музейлерде, китепканаларда жыл аягына чейин өткөрүлөт.
Мындан тышкары, “Манас күнүнө” арналган тематикалык фильмдер республиканын бардык театрларында жыл аягына чейин көрсөтүү милдеттендирилет.