Биз менен байланышыңыз

Депутат Жамгырчиевдин үйүнөн үн жаздыруучу аппараттар табылганын айтты

Кыска кабар | 30 Ноя 2022 | 516 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин бүгүнкү жыйынында партиялашы Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан үн жаздыруучу жана видео жаздыруучу аппараттар табылгандыгын билдирди.

Ошондой эле ал Эмил Жамгырчиевдин чет өлкөгө чыгуу укугу бузулгандыгын белгилеп, ал мурда козголгон кылмыш иши боюнча толук акталгандыгын айтты.

«Биздин депутаттыбыз Эмил Жамгырчиевди Конституцияны бузуу менен күч органдары кармап, чек ара постунан Бишкек шаарна алып келген. Муну менен анын чет  өлкөгө чыгуу укугу бузулду. Биз анын кармалышын, Кемпир-Абадды берүүгө каршы добуш бергендигине байланыштырабыз. Эмил Жамгырчиевге 2018-жылы иш козголуп, толугу менен райондук, шаардык жана жогорку соттон акталган. Бирок ошого карабастан учурда ишти кайра жандантуу аракети жүрүп жатат. Депутатат мыйзам долбоорлоруна «макул» добуш береби, «каршы» добуш береби ал үчүн жооп бербейт, ал биздин Башмыйзамда жазылган», — деди Акаев.

Ошондой эле ал партиялаштары эмне себептен кармалып, эмнеге өлкөдөн чыгарылбай жаткандыгы боюнча күч органдарынын түшүндүрмөсүн талап кылды.

26-ноябрда депутаттар Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековдор кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекети аркылуу тажияга бара жатышкан. Бекеттен өтүп жатканда Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон. Эмил Жамгырчиев мына ошол бекеттен кармалып, кийин кое берилген.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков учурда чет жакта дарыланып жатканын фейсбуктагы баракчасына жазды.

Copyright © 2017 Maral FM