Биз менен байланышыңыз

Пенсия курагындагы мугалимдердин маселеси кайра көтөрүлдү

Коом | 29 Ноя 2022 | 6528 | 0

Кыргызстанда мугалимдердин жаш курагы тууралуу маселе көтөрүлдү. Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов, жаш адистер үчүн жетиштүү бош орун жок болгондуктан, 65 жаштан жогорку курактагы мугалимдерге мектептерде иштөөгө тыюу салуу сунушу түшүп жатканын айтты.

Министр мыйзамда мындай талап көрсөтүлгөн эместигин белгилеп, аймактарда ансыз да мугалимдердин жетишпей турганын билдирди.

Талдоочулардын пикиринде, 65 жаштан жогору курактагы мугалимдерге иштөөгө тыюу салуу туура эмес жана мындай чечимди алар дискриминация катары сыпатташып, билим берүү системасына залакасын тийгизет деп айтышууда.

Мыйзамда 65 жаштан ашкан мугалимдерди жумуштан кетирүүгө тыюу салынган эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов билдирди.

Ал эмгек кодексине ылайык, 70 жаштан ашкандар ректор болуп гана иштей албай турганын айтып, аймактарда мугалимдердин жетишсиздиги жоюла электигин эске салды.

«Нарын облусунда чындап эле резервде турган адистер көп экен, ал эми башка облустарда, мисалы Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында кадрлардын жетишсиздиги байкалууда. Эгерде биз 65 жаштан ашкан мугалимдерди жумуштан кетирсек, алардын ордуна ким иштейт? Нарындын мугалимдери Баткенге барып иштешеби? Жок, алар келбейт да. Ошондуктан биз азыр башка жолдорду издеп, сунуштардын үстүндө иш алып барып жатабыз. Сиздердин да сунуш-пикириңер болсо бизге айтыңыздар, биз дайым ачыкпыз”.

Министр жакын арада мугалимдерди аттестациядан өткөрүлөрүн жана жаш кадрларга орундар бошой турганын кошумчалады.

Улуу муундун өкүлдөрүн билим берүү тармагынан четтетүү боюнча талдоочулардын пикирлерин угуп көрдүк.

Алардын бири, билим берүү маселелери боюнча эскперт Догдуркүл Кендирбаева, дүйнөлүк практиканы мисал келтирип, технологиялардын өнүгүшүн, коомдогу шарттардын түзүлүшүн эске алганда, 65 жаштагы адам – абдан жетилген деп эсептелерин белгиледи.

Дүйнөдө бардык ийгиликтер тажрыйбага таянгандыктан, бул жаш курак акылга, күчкө, практикага ээ болгон мезгил.

Мындан сырткары, 65 жаштагы адамдар жаштарга салыштырмалуу өтө жоопкерчиликтүү болушат деген ойдо.

 “65 жаштагы адамдар өтө чоң жоопкерчиликке ээ болушат. Анткени, үйүндө кармай турган баласы, шылтоосу, кечиккендери, жумуштан калган адаттары жок болот. Алар эркин, чыгармачыл болушат.

Мындан сырткары, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө бул адамдардын өзгөчө орду бар. Дүйнө өлкөлөрүндө мындай чектөөлөр болгон эмес. Мисалы мугалимдерди гана эмес, Англиянын палатасын карап көрсөк, бүтүндөй жаш курактары бар. Же болбосо Европанын башкаруучуларын карасак, улуу муундун өкүлдөрү. Ошондуктан эч качан тажрыйбалуу адамды четтетүүгө мүмкүн эмес”.

Билим берүү маселелери боюнча адис Саадат Саттарова пенсия курагындагы мугалимдерди жумуштан алуу менен өлкөдөгү билим сапаты жана деңгээли дагы да төмөндөй турганын эскертти.

Жаш мугалимдерге багыт жана туура жолду көрсөтө турган, насаат айта турган улуу муундун зарылчылыгы чоң деген пикирде.

“65 жаштагылар Союз мезгилинде окуган, окууну чыныгы өзүнүн күчү менен бүтүргөн инсандар. Алар бар үчүн бизде бүгүнкү күндө билим берүү жоголбой сакталып турат деп айткым келип жатат.

Азыр университеттерде билим сапаты жакшы эмес. Мурдагыдай каттуу талап жок. Студенттер окууга барса барат, барбаса жок. Башка өлкөдө иштеп жатып деле окуусун бүтүрүп жаткандар четтен чыгат. Жаштарды айыптагым келбейт, маселе биздин жаш мугалимдерди тарбиялоодо жана окутууда болуп жатат”.

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Таалайбек Уметов улуу муундагы мугалимдердин баарын жумуштан алууга каршы. Анын пикиринде, арасында кесипкөй адистер бар, ошондуктан электен өткөрүп күчтүү адистерди калтыруу зарыл.

Мындан сырткары ал азыркы тапта Жогорку окуу жайларында билимдин сапаты өтө төмөн деп белгиледи. Жаштардын аракети жогору болгону менен, билими начар болуп жатканын кошумчалады.

Ошол эле кезде өмүр бою сабак берип, мектепте эмгектенип келе жаткан мугалимдерде психологиялык чарчоо болуп, сабакты эффективдүү алып бара албаган учурлар кездешкенин белгиледи.

“Бул маселени экинчи жагынан алып караганда туура деп эсептейм. Себеби психологдор: “Көп жылдан бери мугалим болуп иштегендерде психологиялык чарчоо болот”, — деп айтышат эмеспи. Кээ бирлер чыдабайт, нервтери жука болуп калат, жаңы методикаларды, талаптарды кабыл алгысы келбей калат. Ушундай мугалимдер жумуштан бошотсо болот, бирок баарын эмес. Карап, жакшылап изилдеп чыгуу зарыл”.

Ал эми Ош шаарындагы мектептердин биринде эмгектенген жаш мугалим Илгиз Шамырзаев билим берүү тармагына көбүрөөк жаштардын келүүсүн колдойт. Анын байкоосунда олимпиадаларда орун алгандар, ийгиликтерди жараткан студенттерди көбүнчө жаш мугалимдер тарбиялоодо.

“Жаш мугалимдердин жогорку муундагы мугалимдери менен салыштырмалуу өзгөчөлүгү эмнеде? — дей турган болсок, мындай жооп берет элем: Азыр технологиянын заманы, учурда окуучулардын ой-жүгүртүүсү, деңгээли, мамилеси башка. Азыркы муун менен тил табышууда, технологиялар менен билим берүүдө жаш мугалимдер алдыга озуп чыкты десем жаңылышпайм. Бул жагынан алганда мектептерде, билим берүү мекемелеринде жаш мугалимдердин көбөйүүсүн каалайт элем”.

Изилдөөлөргө таянып айтсак, Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде жалпы 80 миңдин тегерегинде мугалим иштейт, алардын 85% аялдар.

Жыл сайын өлкөдө эки миңдей мугалим жетишпейт. Өзгөчө башталгыч класс, орус тили, математика, физика мугалимдери тартыш. Кыргызстанда мугалим болуп иштөө абройлуу эмес. Буга айлык-маянанын аз болуусу бирден бир себеп катары көрсөтүлгөн.

30 жашка чейинки мугалимдердин саны 10% ашпайт.

Мектептерде иштеп жаткан аял мугалимдердин дээрлик жарымы пенсия курагындагы, жашы элүүдөн өтүп калгандар.

Copyright © 2017 Maral FM