Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14 пайыздан 13%га төмөндөттү. Бул тууралуу 29-ноябрда өткөн маалымат жыйында Улуттук банкттын атайын өкүлү Аида Карабаева кабарлады.
Мындай чечимди кабыл алууда тышкы жана ички экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттары эске алынган. 2022-жылдын 18-ноябрына карата, жылдык инфляция октябрь айындагы 15,4 пайыздан төмөндөп, 14,5% пайызды түзгөн.
«Учурда Кыргызстанда инфляция төмөндөө тенденцияны көрсөтүүдө», — деди Улуттук банктын өкүлү.
Карабаева кошумчалагандай, учурда Кыргызстанда валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу. Улуттук банк акча-кредиттик саясатынын алкагында валюта рыногундагы жагдайга туруктуу көзөмөл жүргүзүп турат.
Ноябрь айынын ичинде суроо-талап жогору болгонуна байланыштуу 55,2 млн доллар сатуу боюнча интервенция жасалган.