Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк: Инфляциянын төмөндөгөнү байкалууда

Кыска кабар | 29 Ноя 2022 | 241 | 0

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14 пайыздан 13%га төмөндөттү. Бул тууралуу 29-ноябрда өткөн маалымат жыйында Улуттук банкттын атайын өкүлү Аида Карабаева кабарлады.

Мындай чечимди кабыл алууда тышкы жана ички экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттары эске алынган. 2022-жылдын 18-ноябрына карата, жылдык инфляция октябрь айындагы 15,4 пайыздан төмөндөп, 14,5% пайызды түзгөн.

«Учурда Кыргызстанда инфляция төмөндөө тенденцияны көрсөтүүдө», — деди Улуттук банктын өкүлү.

Карабаева кошумчалагандай, учурда Кыргызстанда валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу. Улуттук банк акча-кредиттик саясатынын алкагында валюта рыногундагы жагдайга туруктуу көзөмөл жүргүзүп турат.

Ноябрь айынын ичинде суроо-талап жогору болгонуна байланыштуу 55,2 млн доллар сатуу боюнча интервенция жасалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM