Connect with us

Экс-депутат Бакытбек Жетигенов Ошко мэр болду

Кыска кабар | 29 Ноя 2022 | 588 | 0

Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Бакытбек Жетигенов «Бийликти күч менен басып алууга даярданган» деген шек менен кармалып, 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырылган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу, бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелген. Бирок алтынчы чакырылыштын депутаттары Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген эмес.

Бакытбек Жетигенов 1966-жылы 30-майда Чүй облусунун Чүй районундагы Сайлык айылында төрөлгөн.

Билими: 1991 — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда «машыктуруучу-мугалим» адистиги боюнча билим алган;

2013 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык институтун «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн;

Эмгек жолу: 1988 — МПМКда бетон даярдоочу;

1988 — «Ирригатор» бакча коомчулугунда кароолчу;

1989 — №2 тазалоо-пресстөөчү цехке 2-разряддагы транспортировщик болуп дайындалган;

1992-2010 — жеке ишкерлик менен алектенген;

2010 — Жогорку Кеңештин V чакырылышында «Ар-Намыс» саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен депутат болуп келген. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси наамы бар.

Copyright © 2017 Maral FM