Биз менен байланышыңыз

Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Кыска кабар | 28 Ноя 2022 | 662 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкекте унаа жууган жерден машине уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жабырлануучунун айтымында, 10-ноябрь күнү кечинде Лексус СT 200 үлгүсүндөгү унаасын Сүйүмбаев көчөсүндөгү унаа жуучу жайга таштап кеткен. Ал машинасын алуу үчүн кайтып келгенде, уурдалганы белгилүү болгон.

Милиция бул фактыны Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси («Автотранспорт каражатын уурдоо») менен каттаган.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1995-жылы туулган Д.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу иликтенүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM