Биз менен байланышыңыз

Эртең 4 миң 300 абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт

Кыска кабар | 28 Ноя 2022 | 219 | 0

Эртең, 29-ноябрда Бишкек шаарында электр жарыгы үчүн төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 4 миң 300 абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт.

Чүй электр тармактар ишканасы билдиргендей, ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн компания абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Чүй электр тармактар ишканасынын сайтында “Абоненттин балансы” рубрикасы иштейт. Анын жардамы менен бардык абоненттер өздүк эсебин каалаган учурунда биле алышат.

Мындан сырткары, абоненттер өз эсебин 1209, 0772/0702/0556 00 12 09 номурундагы күнү-түнү иштеген чалуу-борборуна чалып, же болбосо 0556 001209 номурундагы WhatsApp тиркемесине жазып биле алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM