Биз менен байланышыңыз

УКМК: Фармкомпанияларга коррупциялык иштер боюнча тергөө жүргүзүлүүдө

Кыска кабар | 28 Ноя 2022 | 261 | 0

УКМК бир катар фармацевтикалык компанияларга жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти коррупциялык иштер боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын маалымдады.

Маалыматка караганда, бул иш боюнча тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдерди табуу жана тийиштүү түрдө эсепке алуу максатында «М-РАЙН» жоопкерчилиги чектелген коомунун кампаларында издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында ири көлөмдөгү дары-дармектер табылып, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн «М-РАЙН» ишканасынын сактоочу жайына мөөр басылган.

Учурда бул иштин алкагында тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM