Биз менен байланышыңыз

8-9-декабрда Бишкекте ири инвестициялык саммит өтөт

Кыска кабар | 28 Ноя 2022 | 320 | 0

8-9-декабрда Бишкекте ири инвестициялык саммит өтөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын сайтында маалымдалды.

Анда өнөр жай, энергетика, айыл чарба, маалымат технологиялары, илим жана туризм тармагындагы инвестициялык долбоорлор көрсөтүлүп, бизнес өнөктөштөрдү издөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Саммитке ири компаниялардын жетекчилери, эл аралык каржы институттарынын жана инвестициялык фонддордун өкүлдөрү, 30 өлкөдөн жалпы 500гө жакын делегат катышат.

Иш-чаранын алкагында ЕАЭБ ишкерлер кеңешинин президиумунун жыйыны, Өнөр жайчылардын жана ишкерлердин эл аралык конгрессинин кеңешинин отурумдары, Евразия элдеринин ассамблеясынын форуму, мэрлердин жана губернаторлордун «Глобалдык Жибек Жолу» форуму өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM