Биз менен байланышыңыз

Быйыл он айда 3,6 миң бөтөлкө алкоголдук ичимдик сатыктан алынды

Кыска кабар | 28 Ноя 2022 | 258 | 0

2022-жылдын 10 айында 368 миң 123 бөтөлкө алкоголдук продукция жана 226 миң 50 куту тамеки мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Анын ичинде көпчүлүгү акциздик маркасыз же жасалма маркалары менен сатуугп чыгарылган продукциялар. 

Акциздик маркасы жок алкоголдук же тамеки продукцияны өндүрүү, импорттоо жана сатуу, ошондой эле акциздик маркаларды жасалмалган учурда жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат.

Эгер ири өлчөмдө ушундай мыйзамсыз продукцияны сатууга аракет жасалса 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып салуу же беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Мындан тышкары, алкоголдук же тамеки буюмдарын дүң жана чекене сатуу менен алектенген ишкерлерде сатып алынган жана сатууга арналган продукцияга карата электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы, электрондук эсеп-фактурасы болушу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM