Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Кытай жана Казакстан менен чектешкен аймактарында жер титирөө катталды

Кыска кабар | 28 Ноя 2022 | 322 | 0

28-ноябрга карата түнү саат 01:58де Кыргызстандын Кытай менен чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Эркештам, Нура айылдарында 4,5 балл, Терек, Кан-Коргон айылдарында 4 балл, Көлдүк айылында 3 баллга чейин сезилген.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Мындан тышкары, саат 02:34тө Казакстан мененчектеш аймакта очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Талас облусунун Кара-Буура районунун Кайнар, Көк-Сай айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM