Биз менен байланышыңыз

Эрдоган учкучсуз учуучу согуштук учакты чыгарууну жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2022 | 455 | 0

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган улуттук учкучсуз согуштук учак «Кызылелма» 2023-жылдын аягында өндүрүшкө чыга турганын Ак Партиянын Коньядагы кеңейтилген облустук кеңешинин жыйынында жарыялады.

Түркиянын өнөр жай, технология жана коргонуу тармагындагы атамекендик өндүрүштү 20%дан 80 пайызга көтөргөнүн белгилеген Эрдоган учкучсуз учуучу согуштук учагы боюнча айтты.

«2023-жылдын аягына чейин массалык түрдө өндүрүшкө чыгат деп үмүттөнөбүз»,- деди ал.

​​»Кызылелма» учкучсуз учуучу аппараты Түркияда биринчи жолу ушул жылдын август айында Самсун шаарында өткөн Teknofest Karadeniz аэрокосмостук фестивалынын алкагында көрсөтүлгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM