Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган улуттук учкучсуз согуштук учак «Кызылелма» 2023-жылдын аягында өндүрүшкө чыга турганын Ак Партиянын Коньядагы кеңейтилген облустук кеңешинин жыйынында жарыялады.
Түркиянын өнөр жай, технология жана коргонуу тармагындагы атамекендик өндүрүштү 20%дан 80 пайызга көтөргөнүн белгилеген Эрдоган учкучсуз учуучу согуштук учагы боюнча айтты.
«2023-жылдын аягына чейин массалык түрдө өндүрүшкө чыгат деп үмүттөнөбүз»,- деди ал.
»Кызылелма» учкучсуз учуучу аппараты Түркияда биринчи жолу ушул жылдын август айында Самсун шаарында өткөн Teknofest Karadeniz аэрокосмостук фестивалынын алкагында көрсөтүлгөн.