Биз менен байланышыңыз

Ошто жаштардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген дарылардын сатылышы көзөмөлдөнөт

Кыска кабар | 27 Ноя 2022 | 344 | 0

Ошто жаштардын аң-сезимине жана ден соолугуна терс таасирин тийгизген дары-дармектердин сатылышын катуу көзөмөлгө алуу маселеси каралды.

Жыйында укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жаштардын аң-сезимине жана ден соолугуна терс таасирин тийгизген бир катар дары-дармектер психотроптук жана баңги заттардын тизмесине кирбей турганын, ошондуктан аларды рецептсиз сатып алса болорун белгилешти. Бирок бул дары-дармектер адамдын организмине психотроптук жана наркотикалык заттар сыяктуу эле таасирин тийгизгендиктен, ага катуу көзөмөл жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
Талкуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй милдеттер коюлду:
  • Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин Түштүк филиалынын өкүлдөрүнө бул дары-дармектерди психотроптук жана баңги каражаттарынын тизмесине киргизүү боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кат жөнөтүү тапшырмасы берилди;
  • Ош шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бул дарыларды сөзсүз түрдө рецепт боюнча берүү милдети жүктөлдү;
  • Фармацевтика тармагынын өкүлдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды тиешелүү рецепт болгондо гана чыгаруу тапшырылды;
  • Тиешелүү кызматтарга бул каражаттарды дарыканалардын аймагынан тышкары мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү талабы коюлду.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Жалал-Абад шаарында мектеп окуучулары аптекадан 2 дарыны сатып алып, аларды аралаштырып ичип, мас болуп жаткан учурлар катталганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM