Ошто жаштардын аң-сезимине жана ден соолугуна терс таасирин тийгизген дары-дармектердин сатылышын катуу көзөмөлгө алуу маселеси каралды.
Жыйында укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жаштардын аң-сезимине жана ден соолугуна терс таасирин тийгизген бир катар дары-дармектер психотроптук жана баңги заттардын тизмесине кирбей турганын, ошондуктан аларды рецептсиз сатып алса болорун белгилешти. Бирок бул дары-дармектер адамдын организмине психотроптук жана наркотикалык заттар сыяктуу эле таасирин тийгизгендиктен, ага катуу көзөмөл жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
Талкуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй милдеттер коюлду:
- Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин Түштүк филиалынын өкүлдөрүнө бул дары-дармектерди психотроптук жана баңги каражаттарынын тизмесине киргизүү боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кат жөнөтүү тапшырмасы берилди;
- Ош шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бул дарыларды сөзсүз түрдө рецепт боюнча берүү милдети жүктөлдү;
- Фармацевтика тармагынын өкүлдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды тиешелүү рецепт болгондо гана чыгаруу тапшырылды;
- Тиешелүү кызматтарга бул каражаттарды дарыканалардын аймагынан тышкары мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү талабы коюлду.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Жалал-Абад шаарында мектеп окуучулары аптекадан 2 дарыны сатып алып, аларды аралаштырып ичип, мас болуп жаткан учурлар катталганын билдирген.