Биз менен байланышыңыз

Элчилик: Москвада Кыргызстандын жаңы борбору ачылды

Кыска кабар | 26 Ноя 2022 | 333 | 0

Орусиянын борбору Москва шаарында «Кыргызстандын кездешүү жайы» көп тармактуу коомдук борборунун ачылышы өттү. Салтанатка Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат да катышты.

Борбор Москва шаарынын Новогиреев районундагы 27 миң чарчы метр аянтты ээлеген беш кабаттуу «Киргизия» кинотеатрында ачылган.

Имаратка ээлик кылып келген «Эдисонэнерго» ишканасынын башкы директору Григорий Печерский менен макулдашылып, борбордо Кыргызстандын өндүрүмүн сатуу сүйлөшүлдү. Ошол эле учурда имараттын жасалагасы боюнча да сөз козголуп, кыргыз маданиятын чагылдырган жана тарыхый баалуулуктарын камтыган айкелдерди, оймо-чиймелерди сактап калуу зарылдыгы айтылды.

«Азаттык» сайтынан алынган маалыматка караганда, Москвадагы мурдагы Бүткүл союздук көргөзмө борборунун (ВДНХ) аймагында жайгашкан «Кыргызстан» соода үйү көпкө чейин талашка түшүп жүрүп, 2015-жылы жеке адамдан Кыргыз Өкмөтүнүн менчигине өткөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM