Биз менен байланышыңыз

Казакстанда 2023-жылы парламенттик шайлоо өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2022 | 332 | 0

Казакстан Сенатына депутаттарды шайлоо 2023-жылы 14-январда дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Касым-Жомарт Токаев кол койду.

Токаев жарлыгында шайлоону уюштуруу иштерине даярдануу үчүн бир катар тараптарга тапшырмаларды берди.

Айта кетсек, Казакстанда ушул жылдын январь айында болуп өткөн нааразылык акцияларынан кийин Касым-Жомарт Токаев мамлекетте бир катар өзгөрүүлөрдү жасап, анын ичинде Башмыйзам кайра жазылган.

Мунун негизинде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, Касым-Жомарт Токаев кайрадан шайланып келди. Казакстан президентинин ант берүү салтанаты бүгүн, 26-ноябрда өттү.

Ошондой эле жаңы Башмыйзамга ылайык, Казакстан парламентине да мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Сенатка шайлоо январь айына белгиленсе, жергиликтүү бийликке жана төмөнкү палатага шайлоо өткөрүү июнь айына пландалган.

Казакстан президентинин ант берүү салтанаты өттү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM