Биз менен байланышыңыз

Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш өтүүдө (сүрөт, видео)

Кыска кабар | 25 Ноя 2022 | 289 | 0

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш өтүүдө. Тынч жүрүшкө чогулгандар Кыргызстандан күч менен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөгө кайтарууну, сөз эркиндигине кысым кылууну токтотууну талап кылууда.

Андан тышкары, Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган саясатчы, активист жана журналисттерди чыгаруу керектигин айтышты.

“Реакция 6.0” акциясынын катышуучулары “журналист кайтарылсын”, “куугунтук токтосун” жана

“эркиндик үчүн” деген ураан чакырып, филармонияны көздөй жол алды.

Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин 23-ноябрда кабыл алган, ал ошол эле күнү кечинде күч кызматкерлеринин коштоосунда Москва шаарына жеткирилген.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу ондогон саясатчы жана активисттер 23-октябрда кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM