Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 26-ноябрга түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8;
Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +0…+5;
Бишкекте 26-ноябрда түнкүчүн жаан жаабайт. Күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +6…+8 градус болот.