Биз менен байланышыңыз

Жылдызкан Жолдошева: Кыргызстанга президенттик башкаруу туура келбейт

Кыска кабар | 25 Ноя 2022 | 537 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева 25-ноябрда элдик курултайда сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанга президенттик башкаруу ылайык келбей турганын билдирди.

Мындай башкарууда бийликке башынан кыйынчылыктарды өткөргөн адам келсе да «ажыдаарга» айланып кетерин айтты. Ошондуктан өлкө президенттик башкаруу формасынан парламенттик башкарууга өтүшү керектигин сунуштады.

Жолдошева минтип сүйлөп жатканда курултайда отурган делегаттар анын сөзүн бөлүүгө аракет кылышты, бирок ал сөзүн токтоткон жок.

«Мен билем, кээ бирлериңер облустун, бийликтин, балким, өзүңөрдүн чечимиңер менен келгенсиздер. Бирок менин сөзүмдү бөлбөй туруңуздар. Курултайда баары өз оюн айтууга укуктуу.

Биринчи маселе — президенттик башкаруудан кайтуу керек, анткени, Садыр Нургожоевич, сизден кийин бийликке кандай адам келет, өлкөнү каяка алып барат? Бул маанилүү маселе.

Экинчиси, кен байлыктар боюнча, менин билгениме караганда, 33 компания 300 сомдон сатып алып, кен байлыктар сыртка чыгып жатат, ушуну караш керек.

Үчүнчүдөн, улуттун саламаттыгына көңүл буруш керек. Улут болсо эл, мамлекет, анын барып, бийлик төбөлдөрү — президент болот.

Мындан тышкары, энергетика, суу боюнча. Ачык эле айтайын, чек араны чечебиз дегенден кийин Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында жерлер тарып кетти. Миңдеген чакырым жерлер кетип жатат, ошол үчүн бул маселеде абайлагыла.

«Камбар-Ата 1» ГЭСин куруу боюнча айтайын, Акылбек Жапаров, сиз кайсы бийлик менен гана иштеген жоксуз, канчасын кетирдиңиз. Суунун башын, «Камбар-Ата 1″ ГЭСин кайсы өлкө менен салам деп жатсаңар да бизди эгемендиктен ажыратып коесуңар, ошол үчүн бул оюңардан кайткыла» , — деди экс-депутат.

Жылдызкан Жолдошева президент коррупция менен күрөшө турган болсо депутаттарды коркутпай, өз командасынан башташы керектигин айтты. Ал мындан тышкары, Садыр Жапаровго кайрылып, айланасындагы кошоматчылардан арылууну сунуштады.

25-26-ноябрь күндөрү Бишкекте биринчи элдик курултай өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM