Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда элдик курултайда сөз сүйлөп жатып, курултай – бабалардан мурас калган мамлекеттик башкаруунун адилеттүү, салттуу жана нарктуу институту деп билдирди.
Анын пикиринде, курултай элдин тарыхый мурасына төп келген коомдук-саясий институт катары жаңы Конституция аркылуу өз макамына ээ болду.
«Баш мыйзамдын талабын жана элдин тилегин эске алып, «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштоо менен бирге, Курултайды чакыруу боюнча Жарлыкты жарыялап, тарых алдындагы өз озуйпамды аткаруу мен үчүн чоң сыймык. Элдин тарыхында мамлекеттин келечеги элдик жыйын аркылуу аныкталган учурлар аз эмес.
Маселен, Элдик Курултайды өткөрүү тажрыйбасы биздин заманга чейинки X кылымда эле кытай булактарында Кыргыз мамлекети эскерилген мезгилде, биздин доорго чейинки III кылымда хуннулар менен таймашкан мамлекетибиз мезгилинде, Барсбек каган жана анын жолун жолдоочулар башында турган, 840-жылдан тарта “Улуу кыргыз дөөлөтү” атагына ээ болгон каганатыбыздан тартып, Мухаммед кыргыздын, Ормон хан Ниязбек уулунун тушундагы мамлекеттик түзүлүштөргө чейинки мезгилдерде болуп келген» , — деди президент.
Жапаров байыркы көчмөн элдин жашоосунда курултай мамлекеттик башкарууну аныктоо, бүтүндүгүн камсыздоо менен феноменалдык деңгээлге көтөрүлгөнүн айтты.
Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага Кыргызстан боюнча 1072 делегат катышууда.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, Баткен облусунан — 71, Жалал-Абаддан — 147, Нарындан — 128, Оштон — 179, Таластан — 76, Чүйдөн — 218, Ысык-Көлдөн — 127, Бишкектен — 60, Оштон — 30 делегат катышууда.
Мындан тышкары, 26 эмгек мигранты катышууда, дагы 10 адам диний конфессиялардын өкүлдөрү. Анын 150дөйү аялдар, 924ү эркектер. Жалпысынан он эки улуттун өкүлдөрү делегат болуп шайланды.