Биз менен байланышыңыз

Шакиев: Курултайдын статусу жөнүндө мыйзам долбоору жакын арада каралат

Кыска кабар | 25 Ноя 2022 | 158 | 0

Жогорку Кеңеш жакын арада элдик курултайдын статусу жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорун карайт. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди.

Ал белгилегендей, парламент курултайдын статусу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл ала элек.

«Курултайдын статусу жөнүндө ар кандай пикирлер бар, талкуу болот. Бирок, акыры, биз келечекте да иштей турган мыйзам кабыл алабыз деп ойлойм», — деди Шакиев.

Эске салсак, жазында тармактык комитет Элдик Курултай тууралуу мыйзам долбоорун колдогон эмес.

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага Кыргызстан боюнча 1072 делегат катышууда.

Биринчи Элдик курултайды 80 жаштагы экс-депутат Кемелбек Аширалиев ачты.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, Баткен облусунан — 71, Жалал-Абаддан — 147, Нарындан — 128, Оштон — 179, Таластан — 76, Чүйдөн — 218, Ысык-Көлдөн — 127, Бишкектен — 60, Оштон — 30 делегат катышууда.

Мындан тышкары, 26 эмгек мигранты катышууда, дагы 10 адам диний конфессиялардын өкүлдөрү. Анын 150дөйү аялдар, 924ү эркектер. Жалпысынан он эки улуттун екулдеру делегат болуп шайланды.

Курултай эки күнгө созулат.

Copyright © 2017 Maral FM