Биз менен байланышыңыз

ЖРТ: Бүгүн кошумча каттоо жүргүзүлөт

Кыска кабар | 25 Ноя 2022 | 194 | 0

Бүгүн, 25-ноябрда саат 13:00дөн 17:00гө чейин абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөгө кышкы кабыл алуу үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, жалпы республикалык тестирлөө 26-27-ноябрда өтөт.

Тестирлөө борборлору:

-Бишкек шаарындагы №72 орто мектеби;

-Бишкек шаарындагы №95 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясы;

-Ош шаарындагы «Жетиген» мектеп-лицейи.

Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана 2022-2023-жылдагы окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет.

Алдын ала өтүнмөлөр боюнча 49 жогорку окуу жай кышкы кабыл алууну өткөрөт. Анын ичинен17 мамлекеттик, 32 мамлекеттик эмес.

Кышкы кабыл алуу жүргүзө турган ЖОЖдордун тизмеси https://edu.gov.kg/media/uploads/2022/10/19/2022-2023-181022_obLxyt5.pdf

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM