Биз менен байланышыңыз

Элдик курултайга миңден ашык делегат катышууда

Кыска кабар | 25 Ноя 2022 | 552 | 0

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага Кыргызстан боюнча 1072 делегат катышууда.

Биринчи Элдик курултайды 80 жаштагы экс-депутат Кемелбек Аширалиев ачты.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, Баткен облусунан — 71, Жалал-Абаддан — 147, Нарындан — 128, Оштон — 179, Таластан — 76, Чүйдөн — 218, Ысык-Көлдөн — 127, Бишкектен — 60, Оштон — 30 делегат катышууда.

Мындан тышкары, 26 эмгек мигранты катышууда, дагы 10 адам диний конфессиялардын өкүлдөрү. Анын 150дөйү аялдар, 924ү эркектер. Жалпысынан он эки улуттун өкүлдөрү делегат болуп шайланды.

Сүйүнбек Касмамбетов учурда курултай тууралуу мыйзам кабыл алына электигин, жыйын президент кол койгон убактылуу жобонун негизинде өтүп жатканын билдирди. Ошондуктан салт боюнча биринчи курултайды ачуу укугу эң улуу делегатка өтөт. Ал 80 жаштагы Кемелбек Аширалиев болуп чыкты. Аксакалдар курултай кеңешин түзгөн.

Курултайга президент Садыр Жапаров да катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM