Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкекте биринчи элдик курултай өтөт

Кыска кабар | 24 Ноя 2022 | 229 | 0

Эртең, 25-ноябрда Бишкекте биринчи элдик курултай өтөт. Ага президент Садыр Жапаров катышат.

Иш-чара 25-26-ноябрь күндөрү өтөт. Курултайга облустардан жана аймактардан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынат.

Элдик курултай УТРК, республикалык, облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт. Көрсөтүү 25 жана 26-ноябрда саат 10:00дө башталат.

Бишкек шаарында курултай өткөрүүгө байланыштуу 24-27-ноябрь күндөрү айрым көчөлөр жабылат.

-Манас/Чыңгыз Айтматов проспектиси Жибек-Жолу көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин;

-Жибек Жолу проспектиси Фучик көчөсүнөн Лермонтовго чейин;

-Абдрахманов көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Түштүк магистралга чейин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM