Биз менен байланышыңыз

Композитор Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 24 Ноя 2022 | 379 | 0

29-ноябрда кыргыз совет ырчысы жана обончу, композитор, Кыргыз эл акыны Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленет. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Муса Баетов 1902-жылдын 10-ноябрында азыркы Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында туулган.

Эмгек жолун Нарын шаардык радиосунда иштөө менен баштаган. Андан соң Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист болуп иштеген.

Ал жөнөкөй аткаруучудан кесипкөй опералык ырчыга чейин өсүп, «Манас» операсында Алмамбет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган.

Кыргыз музыка маданиятынын алтын казынасына анын «Даанышман», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Кыздар, ай», «Окудуң борбор шаарынан», «Сагынам» деген сыяктуу кырктан ашык обондуу ырлары калган.

Баетов комузда, домбрада, гармондо эркин ойной билген, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткарган.

2002-жылы туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата “Арпанын Ала-Тоосунан” аттуу обондуу ырларынын жыйнагы жарыкка чыккан.

Муса Баетовдун ысымы Нарындагы маданият үйүнө, Бишкек шаарындагы көчөгө, Ак-Талаа районунун борборуна, туулган жериндеги мектепке берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM