Биз менен байланышыңыз

Жапаров: «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингин каржылоо токтотулду

Кыска кабар | 24 Ноя 2022 | 286 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингин каржылоо токтотулганын кабарлады.

Бул тууралуу ал парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында депутат Кундузбек Сулаймановдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

Жапаров Тенгиз Бөлтүрүк кармалгандан кийин холдингге бөлүнгөн 3,4 млрд сом каржылоо токтогонун, акча бюджетке алынганын билдирди.

«Биз «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингин каржылоого 3 млрд 400 млн сом караштырганбыз. Он чакты долбоордун үстүндө иштеп жаткан. Бүгүнкү күнү Тенгиз мырзанын (Тенгиз Бөлтүрүк) кылмыш иштери козголуп, кармалганы үчүн биз финансылык каржылоону токтоттук. Акчанын баарын бюджетке алып жатабыз» , — деди Акылбек Жапаров.

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу кармалган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кумтөрдөгү коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилген.

Ал Бишкек шаардык сотунун чечими менен Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-январына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта калтырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM