Биз менен байланышыңыз

Окуучулардын тамагынын акысы 7 сомдон 20 сомго көбөйтүлөт

Билим-маданият , Коом | 23 Ноя 2022 | 3667 | 0

Кыргызстанда башталгыч класстын окуучулары үчүн тамак-ашка бөлүнгөн акча 20 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Билим берүү жана илим министрлиги бул боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Сунуш жактырылса, келе жаткан жылдын январь айынан тарта жеткинчектердин тамагына бөлүнгөн акча көбөйөт. Буга чейин райондун борборлорунда жана шаарларда жайгашкан мектептерде бир баланын тамагына 7 сом каралса, тоолуу, алыскы аймактагы балдар үчүн 10 сом каралган.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 1735 мектептин башталгыч класстарына ысык тамак берилип келет. Буга чейин ар бир баланын тамагына 7 сомдон каралса, эми жаңы токтомго ылайык, 20 сомдон бөлүнөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Бакыт Рысбеков азык-түлүккө болгон баанын кескин кымбатташына байланыштуу башталгыч класстын ар бир окуучусуна 20 сомдон бөлүнөрүн билдирди.

Коомдук талкуудан өтсө, 2023-жылдын январь айынан тарта сумма көтөрүлөт. Бул жолкусунда шаар, район же бийик тоолуу аймак экенине карабастан баарына бирдей сумма каралат.

«Бул токтомдун долбоору 2022-жылдын 30-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан демилгеленди. Анда жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактарын уюштуруу, жакшыртуу каралган. Министрлик азыр токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Эми ишке ашыруу максаты турат. Бул боюнча бардык министрликтер менен макулдаштык. Баары колдоп беришти. Токтомдун негизинде, 7 сомдон 20 сомго чейин көтөрүлөт. Азык-түлүк кескин түрдө 100,200% кымбаттап кетти. Көтөрүүгө муктаждык жаралды. Токтом боюнча Кыргызстан боюнча бирдей эле сумма каралат».

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги АКШнын «Мерсико» уюмунун жардамы менен 410 мектепке кубаттуу тамак берүү программасын киргизген.

Бишкек шаарында жайгашкан мектептердин биринин директору Асылкан Омурова ар бир баланын тамагына бөлүнгөн 7 сом аз экенин айтат. Ал токтом ишке кирсе, балдарга кубаттуу тамактардын түрү менен берилип башташын кошумчалады. Учурда бул мектеп токтом долбоорунун ишке ашышын күтүүдө.

«Биздин Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына кирген. Бул жакшы көрсөткүч болду биз үчүн. Анын алкагында, көптөгөн жумуштар аткарылды. Мектептин ашканасы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өттү. Биз балдарга каша, кургатылган жемиштерди, компот сыяктуу тамак-аш азыктарын беребиз. Булочкалар эртең менен жасалат. Өзүм күндө текшерип турам. Учурда ар бир балага 7 сомдон тамак берилип жатат. Азыркы учурда 20 сом болушун күтүп жатабыз. Биздин гимназияда 726 окуучу тамактанат».

Адистердин маалыматына караганда, ысык тамак менен 7-10 жаштагы балдардын энергияга болгон муктаждыгы 95,3 пайызга, ал эми жеңил тамак менен (булочка жана суусундук) 53,2 пайызга гана камсыздалат.

Бишкектеги мектептердин биринин директору Сайрагүл Матаева мектеп республикалык бюджеттин эсебинен эмес, шаардык бюджеттен каржыланганы үчүн ар бир баланын тамагына 22 сомдон бөлүнүп жатканын айтты.

Мындан сырткары бул мектепте башталгыч класстардан тышкары аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына да ысык тамак берилет.

«Мектепте 1-4-класска чейинки окуучуларга ысык тамак берилет. Баарына бирдей менюда берилет. Менюсун атайын комиссия түзөт. Бир күнү чай, кофе, таттуу булочкасы менен берилет. Калган күндөрү каша, суп жана эти менен берилет. Биздин мектеп республикалык бюджеттен каржыланбайт. Мындан сырткары 5-6-7-класстарда окуган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына да ушул меню менен тамак берилет. Алардын саны 90го жакын баланы түзөт. Ал эми башталгыч класстардан 1400дөй окуучу тамактанат».

Токтомдун долбоору Жогорку Кеңештин 30-июнундагы жыйынында депутаттар тарабынан жактырылган.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, учурда өлкө боюнча 1735 мектептин башталгыч класстарына кубаттуу тамак берилип жатат. Бул жалпы мектептердин 60%ын түзөт. Калган 40%ы 2023-жылга чейин заманбап шартта оңдолору болжолдонууда.

Башталгыч класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 4-декабрындагы №135 «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө» мыйзамынын жана Өкмөттүн токтомунун негизинде ишке ашырылат.

Copyright © 2017 Maral FM