Биз менен байланышыңыз

Кыдырмышев: көп мамлекеттерде гараждык кооперативдер жоюлуп кеткен

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Ноя 2022 | 1034 | 0

Бишкекте гараж кооперативдеринин менчик укуктарын иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Ушул жылдын март айында 11-кичи райондо жайгашкан №20 гараж кооперативинин унаа токтотуучу жайлары сүрдүрүлгөн. Кооперативдин мүчөлөрү гараждарды тазалоого каршы чыгып, милиция менен кагылышуу да болгон. Бишкек мэриясы бул гараж кооперативи Жогорку соттун чечими менен бузулганын билдирген. Бирок ал жерге эмне курулаары расмий түрдө айтылган эмес.

«Бүгүнкү күндө мэрия тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан кооперативдердин  жер астына укук берүүчү документтерди иретке келтирүү максатында ушундай иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бишкектин 11-кичи районундагы гаражды айта турган болсок, жерге укук берүүчү документтери болгон эмес. Ошол себептен сүрдүрүүгө туура келди». Мындай пикирин Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин өкүлү Кабыл Кыдырмышев “Маралдын” эфиринде билдирди.

“Жер кодекси 1999-жылы күчүнө кирип, 8-статьясына ылайык жер участоктордун бардыгы акы төлөшү керек. Мамалекеттик жана муниципалдык мекемелерден тышкары бардык юридикалык, физикалык жактар жер участогун колдонууга акт төлөнүшү керек. Азыркы учурда иш жүрүп жатат. Биз бүткөндөн кийин Бишкек шаарында канча гараж кооперативи, кандай документтери бар толук маалымат бере алабыз. 50дөн ашык гараждык кооператив болсо, ошонун 41де документ жок. Айрымдарынын документтери союз мезгилиндеги боюнча жаңылай элек, кээ бирлери арендага алган. 13 гараждык кооператив документин тууралап, кызыл китебин алып алган”-дейт Кыдырмышев.

Ал ошондой эле көп мамлекеттерде гараждык кооперативдер жок, алардын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар курулганын, Кыргызстан дагы акырындан ошол нерсеге келиши керектигин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM