Биз менен байланышыңыз

Сот журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды

Кыска кабар | 23 Ноя 2022 | 782 | 0

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча соттук отурум уланды. Соттук коллегия күбөнү суракка алгандан кийин тараптардын жарыш сөзүн укту.

Прокурор соттук коллегиядан Темировду ага тагылган Кылмыш-жаза кодексинин беренелери боюнча күнөөлүү деп табууну өтүндү. Ошондой эле ага өлкөдөн чыгаруу беренесин колдонууну суранды. 3-4 саттык кеңешмеден кийин сот Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Өзүн сот залынан кармап кетишти.

Журналист өзүнө «жалган жалаа жапты» деген негизде президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди сотко берерин айткан.

27-октябрда Башкы прокуратура Болот Темирого карата райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан ага карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу Темиров акталган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

Жалпысынан Болот Темировго карата Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо», 378-берене «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү», 379-берене «Документтерди жасалмалоо» боюнча иш козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM