Биз менен байланышыңыз

Бишкекке жаңы автобустар декабрдын ортосуна чейин алып келинет

Кыска кабар | 23 Ноя 2022 | 526 | 0

Бишкек шаарынын бюджетинин эсебинен сатылып алынган жаңы автобустар 15-декабрга чейин алып келинет. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров 23-ноябрда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Жаңы автобустар эл аралык талаптарга жооп берет, газ менен жүрөт, узундугу 10,5 метр. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлгөн.

Баткен шаарына биринчи жолу 6 автобус алынды

Автобустарды сатып алууга шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн. Муниципалитет аларды Zhongtong Bus Holding Co., Ltd. компаниясынан сатып алган. TX автобустары 10,5 метр газ кыймылдаткычы менен жүрөт жана кондиционери бар.

Автобустун сыйымдуулугу 75 адамга ылайыкталган, анын 26сы отургучтар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM