Биз менен байланышыңыз

«Кесиптешибиздин макамын коргой албасак, шайлоочулардын укугун кантип коргойбуз?»

Кыска кабар | 23 Ноя 2022 | 703 | 0

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров дагы Президенттин иш башкармалыгынын орун басарынын депутат Өмүрбек Бакировго жасаган мамилесин сынга алып, бул маселени жөн калтырбаш керектигин белгиледи.

Эл өкүлү бул макселе боюнча тиешелүү кызматкерлер келип, маалымат берүүсүн талап кылды.

«Кесиптешибиз Тазабек Икрамов көтөргөн маселе жөнөкөй маселе эмес. Бул конституциялык, Жогорку Кеңеш менен аткаруу бийлигинин ортосундагы, Жогорку Кеңештин мамлекеттик башкаруудагы орду жөнүндөгү маселе. Депутат Бакирвов жагабы-жакпайбы ал экинчи маселе. Депутат Бакиров – элдин добушун алып келген эл өкүлү. Анын макамы бар. Ал макамга ылайык, биздин кесиптешибиздин иш бөлмөсүнө кирип тинтүү эмес, иш бөлмөсүн ачууга эч кимдин укугу жок. Урматтуу кесиптештер «мага тийбесе болду» дегенибиздин жыйынтыгы ушуга алып келди. «Биз өз ордубузду ордуна коймоюнча, биз менен эч ким эсептешпейт» деп биринчи күндөн бери айтып келе жатам. Конститиция, мыйзамдар тебеленип жатат. Конституция, мыйзамдарды бузуу боюнча Жогорку Кеңеш рекордчу болду. Биз кесиптешибиздин кадыр баркын, конституциялык макамын коргой албасак, шайлоочулардын укугун кантип коргойбуз?!», — деп суроо салды Мадумаров.

Адахан Мадумаров жакса бир мамиле, жакпаса башка мамиле деген позицияны токтотуш керектигин белгиледи.

Жыйында парламенттин имараты президенттин иш башкармалыгынын эмес, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонудунун балансында турары белгилүү болду.

Эске салсак, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен айтыша кеткенден кийин, анын кабинетин Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери уруксаты жок ачып кирип, буюмдарын чыгарып салышкан. Ошондой эле депутатка кат жолдошкон.

Copyright © 2017 Maral FM