Биз менен байланышыңыз

24-27-ноябрда Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат

Кыска кабар | 23 Ноя 2022 | 297 | 0

Бишкек шаарында өтө турчу Элдик курултайга байланыштуу 24-27-ноябрь күндөрү айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Элдик курултай Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өтөрү пландалууда.

Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылы аймактардан келген курултайдын катышуучуларын тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн убактылуу гана чектелерин эскертти.

Төмөнкү көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө коюлат:

-Манас/Чыңгыз Айтматов проспектиси Жибек-Жолу көчөсүнөн Түштүк магистраль көчөсүнө чейин;

-Жибек Жолу проспектиси Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;

-Абдрахманов көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Түштүк магистраль көчөсүнө чейин.

Copyright © 2017 Maral FM